* Мындан 70 жыл мурун, 1945-жылы АКШ авиациясы Хиросимага атомдук бомбаларды таштаган. Атомдук бомбаны АКШ 1944-жылы жайында даярдап баштаган. 1945-жылы май-июнь айларында Тиниан аралына америкалык 509‑авиациялык топ келген. 1945-жылы 25-июлда АКШ президенти Гарри Трумэн Хиросима, Кокура, Ниигата шаарларын бомбалоого уруксат берген. 6-августта япониялык радарлар бир нече учактын учуп келе жатканын аныктаган. Бирок алардын саны аз болгондуктан, аба тревогасын кагышкан эмес. Саат 8:15те Хиросимага "Little Boy" атомдук бомбасы 10 миң метр бийиктиктен ташталган. Бомба 600 метр бийиктикте жарылган. Анын кесепетинен 140 миңдей адам каза болгон.

* Мындан 43 жыл мурун, 1972-жылы кыргыз өлкөсүнүн мурунку башкы прокурору
Аида Салянова Нарын шаарында туулган. Ал 1989-1991-жылдары Фрунзе соода техникумунун укук таануу бөлүмүндө окуп, 1991-1996-жылдары КМУнун юридикалык факультетин аяктаган. Ал эми 1992-1997-жылдары Бишкек коммерциялык колледжи, Чүй жана Кыргыз улуттук университеттеринде окутуучу, 1997-2008-жылдары Жогорку Кеңеште юридикалык эксперт болуп эмгектенген. 2015-жылы 22-январда өлкө башчы кол койгон жарлыктын негизинде Аида Салянова ээлеген кызматынан бошотулган. 19-февралда "Күчтүү Кыргызстан" (мурунку "Жарык Кыргызстан" партиясы) партиясынын төрайымы болуп шайланган. 20-февралда ага II даражадагы Манас ордени тапшырылган. Орденди тапшыруу аземинде Кыргыз Республикасында кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө, анын ичинде коррупция менен күрөшүүгө Аида Салянова олуттуу салым кошкону белгиленген.

* Мындан 73 жыл мурун, 1942-жылы дзоттун амбразурасын төшү менен тосуп эрдик жасаган жана ал үчүн "Советтер Союзунун Баатыры" наамын алган
Чолпонбай Түлөбердиев каза болгон. Чолпонбай Түлөбердиев 1922-жылы Кыргыз ССРинин Талас облусундагы Киров районуна караштуу Чымкент кыштагында туулган. Эр жеткенде комсомолго өтүп, колхоздун түрдүү жумуштарында иштеген. 1941-жылы сентябрь айында аскерге чакырылып, 1941-жылы согушка кирген. Ал гитлердик баскынчылар менен болгон айыгышкан кармашта Воронеж облусундагы Георгиу-Дежский районундагы Селявный кыштагын бошотууда 1942-жылы 6-августта душмандын амбразурасын (пулемёттон ок чачып турган дзотту) денеси менен жаап, баатырдык менен курман болгон. Мындай эрдиги үчүн Чолпонбай Түлөбердиевге 1943-жылы 4-февралда "Советтер Союзунун Баатыры" деген наам берилген.

* Мындан 43 жыл мурун, 1972-жылы "SPISE GIRLS" тобунун ырчысы
Жери Холливелл Лондон шаарында туулган. Толук аты – Жеральдина Эстелла Холливел, топто “Имбирь кыз” деген кошумча аты бар. Жери мектепти аяктагандан кийин акча табуу аракетинде жергиликтүү барлардын биринде тейлөөчү (официант), пол жуугуч, сатуучу болуп эмгектенген. Ал гана эмес, Жерини порномодель жана телеалпаруучу катары да көпчүлүк тааныйт. Кийинчерээк өз талантын пайдаланып түнкү клубдарда бийчи, ырчы болуп да кызмат кылган. Ошол кезде гезитке жарыяланган кастингге барып көрүүнү чечип, жыйынтыгында “SPISE GIRLS” тобуна кабыл алынган. 1998-жылдан тарта жеке ырчы болууга өтүп, топтон кеткендиги тууралуу жар салган.
* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы Индиянын Жамму штатындагы Лех шаарын суу каптап, 193 киши көз жумган. Лех шаары деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте чөлдө жайгашкан. 5-августтан 6-августка караган түнү катуу жаан жаап, көптөгөн имараттар кыйроого учураган. Кээ бир жерлерде суу менен баткак 3,5 метрге чейин көтөрүлүп, куткаруу иштерине тоскоолдук жараткан.