Чүйдө кылмыш жасаган кыргыз жараны Орусияда кармалып, мекенине экстрадицияланды

Орусия "бирөөнүн мүлкүн ачык ээлеп алуу" беренеси боюнча шектелип издөөдө жүргөн Анарбек Борбиевди Кыргыз Республикасына экстрадициялады. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта Орусиянын Москва облусунун прокуратурасынын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, Борбиев 2013-жылы Чүй облусунун Москва районунда 50 жаштагы аялдын жалпы суммасы 3 миң АКШ долларга бааланган мүлкүн тоногон. Ал 2014-жылдын июль айында Москва облусунун Балашиха шаарында колго түшүрүлүп, прокуратура түзүмдөрү ага карата экстрадициялык текшерүү жүргүзгөн. Андан соң тиешелүү материалдар Орусиянын Башкы прокуратурасына жөнөтүлгөн. 

Жыйынтыгында бул мекеме Анарбек Борбиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн кыргыз тарапка өткөрүп берүүнү чечти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
karona
2015-08-06 11:32:47
Кылгылыкты кылып коюп Орусияда качып жургон экен да е, жазасын алсын зоокур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан