"Ислам мамлекети" террордук тобунун атынан кыргыз элине жасалган видеокайрылуу боюнча кылмыш иши козголду

"Ислам мамлекети" террордук тобунун атынан кыргыз элине жасалган видеокайрылуу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта УКМКнын басма сөз билдирди. 

Маалыматка караганда, учурда “террорчулук мүнөздөгү кылмыштарды жасоого тартуу же аларды жасоого башка көмөктөрдү көрсөтүү”, “улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга багытталган уюшкан иш-аракет”, “жалданмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Айта кетсек, 25-июлда "Ислам мамлекети" террордук тобу "Кыргызстандын элине кайрылуу" деп аталган видеотүрмөк жарыялаган. Видео интернетке (YouTube) 25-июлда кечинде чыгып, жарыялангандан 6 саат өткөндөн кийин YouTube видеохостингинин администрациясы аны өчүргөн. 9 мүнөткө созулган тасмада кыргыз тилинде сүйлөгөн белгисиз жарандын кайрылуусу орун алып, анда "Ислам мамлекети" тобуна кошулууга чакырык ташталганы айтылган. Кайрылууда Кыргыз Республикасы "каапырлар өлкөсү" деп аталып, жарандар адамдар тарабынан ойлоп табылган мыйзам, эрежелер менен жашап жатканы белгиленген. Кийин кайрылуу жасаган адамдын аты-жөнү такталып, Токтогул районунун тургуну экени аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
edu.kg.
2015-08-06 10:44:13
Диндин ашынган фанаттары. Ото берилгендер канын тилин улутун да унутуп калып жатышпайбы.
+3
Sayragul
2015-08-06 10:50:30
Катуу жаза колдонуш керек.
+1
chinara88
2015-08-06 11:03:04
буларды атууга бериш. керек
+1
nightman
2015-08-06 11:26:22
Bulardyn islam mn ech tiewesi Jok, bulardy musulman dep aytuu da kyiyn, koidun terisin jamyngan karywkyrlar. Evropa mn Amerikanyn akchaga jaldangan naemnikteri!!!
+2
karona
2015-08-06 11:28:20
nightman, туптуура!
0
Aikyn93
2015-08-08 11:10:22
nightman,наемник деген ал эмне билесинби американын акчасына жалданбай эле бул мусулман кыргыз динге ашыкча берилгендин бири коп берилбеш керек мусулман динине молдонун айтканын ук кылганын кылба дегенгдей
0
ilknur_95kg
2015-08-06 11:28:51
Кылмыш ишин козгой бересин,ер,козгой бересин,ер. Жыйынтыгы жок жаба бересин,ер,жаба бересин,ер. Тынч эле болгулачы.
0
yslam
2015-08-06 11:33:25
биз мусулманбыз, бирок динди кантип кармоо, кийинууну арабдардан уйронбошубуз керек. арабдар ынтымаксыз 15 мамлекетке болунгон. копчулугу амермканын куурчагы. игилдин демоорчусу сша. эгер арабдар бириксе кытайдай индиядай чон мамлекет болот эле. ото берилип куранды окугандар болсо, адам олтурууго болбойт. игилдер кудайдан жоо качкандар, мусулман эмес, каапырлар
+5
arabica
2015-08-06 11:43:58
Мындайларды ХХХ ХХХ ХХХ сооп болот! Пайдасынан кесепети коп булардын, ХХХ ХХХ ХХХ келишип
+2
admin_superstan
2015-08-06 12:09:51
arabica, провокацияга жол жок! Эскертүү!
-1
hubabubba
2015-08-06 16:23:54
7-август куну Супер Инфо деле видону киргизип журду эле го.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан