Ак үйдүн чатыры текшерилет

Бүгүн, 27-февралда Бишкекте 7-апрель окуясы боюнча өткөн соттук отурумда жактоочу Осунбек Жамансариев Ак үйдүн чатырын текшерүү керектигин сунуштап, бул сунуш кабыл алынды. “6-мартта Ак үйдүн чатырына чыгып имараттын дарбазасын көздөй ок атуу мүмкүнчүлүгү болгонбу же болгон эмеспи, ошону текшерүү керек”,- деди Жамансариев. Айта кетсек, сотто айыпталуучу "Альфа" атайын даярдыктагы аскерлер бөлүгүнүн кызматкерлери Ак үйдүн чатырынан дарбазаны көздөй ок атуу мүмкүн эместигин айтып келишкен.  

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан