Салык кызматы тарабынан алынган контрафакттык алкоголдук продукция уурдалып кетти

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан Чүй облусундагы Чүй районунун кампасынан табылган контрафакттык арак продукциясы кампаны мөөр басып жапкандан бир күндөн кийин уурдалып кетип, төрт күн өткөндө Токмок шаарынын аймагынан кайра табылган. Бул тууралуу 6-августта мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Мурдараак жүргүзүлгөн рейддик салыктык текшерүүнүн жыйынтыгында Чүй районунда “Балыкчы арагы” арак заводунун жалпы суммасы 1 миллион 295 948 сом болгон 18 864 бөтөлкө алкоголь продукциясы убактылуу тартылып алынган. "Арак продукциясынын бөтөлкөлөрүнө күмөн туудурган сапаттагы акциз маркалары чапталган экен.

Контрафакт жеке ишкерге таандык кампадан табылган, ал жерде алар тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок сакталып турган. Кампа мөөр басылып жабылган, бирок кийинки эле күнү мөөрү жулунуп, мында турган 13 458 бөтөлкө арак продукциясы жок болуп чыкканы аныкталган. Кампада 5406 бөтөлкө эле арак калган. Салыкчылар уурдоо фактысы боюнча арыз менен кайрылышкан. Бул боюнча Чүй районунун ИИБ кызматкерлери иликтөө жүргүзүшүп, төрт күндөн кийин жоголгон 12 894 бөтөлкөнү табышкан.

Натыйжада тартылып алынган контрафакттык продукциянын жалпы саны мурда сакталган калдыктары менен кошо уурдалгандан кийин 18 300 бөтөлкөнү түзгөн. Азыркы учурда жетишпеген 564 бөтөлкөнү издөө иш-чаралары жүрүп жатат",- деп айтылат маалыматта. 

Рейддин материалдары чара көрүү үчүн Чүй жана Талас облустары боюнча Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү башкармалыгына берилген. Контрафакттык продукциянын ээсине карата кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kubat_1973
2015-08-06 12:01:19
Уурдатпай эле болушуп сатып ийдик дегилечи
+2
МэН
2015-08-06 12:12:49
kubat_1973,сатып жиберишсе, маалымат жарыялашмак беле, ошондой эле милиция менен финансы полицияга кайрылышмак беле :)
0
Deniza88
2015-08-06 12:18:17
Эми ал деле жыйынтыгы жок калат да эмне
0
SHAHDAR
2015-08-06 13:07:54
1. 5406 болтолкону мнеге уурдашкан эмес - жооп: анткени аларда кумон туудурбаган акциз жабашылып турган.
2. Мнеге калган ботолко кантип эле бат эле ьабылып калган, анан ким тарабынан уурдалганы даже айтылган эмес - жооп: Акциздери нормальный бологон ботолколорго алмаштырылып койду.
Детектив болупкетсемби )))))))))))
+2
nura.177
2015-08-07 01:39:52
Бул биздин кыргызстандын бийлигинен коп нерсени кутсо болотко, соз жок, ушундай да болобу?
0
ularik_kg
2015-08-07 12:57:10
Урдаткан жок, паараны алганда, карап турушканда секин алып чыгып кетишкен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан