Ошто мыйзамсыз сакталган куралдын огунан жаш жигит каза болду

Ош шаарында мыйзамсыз сакталган тапанчанын огунан 20 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-августта саат 20:30 чамасында жаштардан турган компания Тилеке баатыр көчөсүндө Ак-Буура дарыясына түшүп эс алып, үйгө унаа менен баратышкан. Жигиттердин бири арткы орунда тапанча менен ойноп жатып кокустан жанында отурган шеригине ок чыгарып алган. Башына жаракат алган Э.М. аттуу жаран ооруканага жеткирилген, бирок ал эсине келбей каза тапты.

"Бул факт боюнча “денеге атайлап оор зыян келтирүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Ок чыгарган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал тапанчаны таап алганын айтууда. Учурда бул курал экспертизага жөнөтүлдү",- деп маалымдашты басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ularik_kg
2015-08-06 13:12:02
Не курал мененда ойнойбу дагын машинаны ичинде. Ишениш кыйын можут ал досу жакпас, кутулуп эле калайын дегендирда.
+4
kirgizstan
2015-08-06 13:44:10
Курал менен да ойноп болобу ойномок турсун адамга кезеп да болбойт дешчу Ойундан от чыгат деген ушуда дагы бир макал барго ойун таппаган бала...... чукуйт деп акылы жок окшойт
0
Talgat87
2015-08-06 14:33:53
Русское рулетка ойногон го..
+1
adilbars
2015-08-06 14:43:52
Обу жоктор тапанча ойногонго балее барбы. Жоопко тартыш керек калгандарга да сабак болот!
+1
ACAH_AKA
2015-08-06 15:31:41
туура бир болсо русская рулетка ойношкон
0
Kattaldym
2015-08-07 01:51:07
Русская рулетка ойносо озун озу атмак, эрежеси ошрндой...
0
tursunbaev2004
2015-08-07 18:40:59
Бул дагы бир жепутаттын баласы болсо керек,эртен эле кутулат,куноону олгон балага оодарып,карапайым адамдын баласында кайдагы тапанча
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан