"Мародёрлук боюнча кылмыш иштеринин материалдарын уурдаган" деп шектелгендер кармалды

"Чүй облустук сотунун судьясынын иш бөлмөсүнөн Апрель окуясындагы мародёрлук боюнча кылмыш иштеринин материалдарын уурдаган" деп шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалым болгондой, аталган материалдарды уурдоого буйрутма бергендер СИЗОдо отурган Абдували Акжолов жана Абдулла Юсупов экени аныкталды. Бул эки жаран 2010-жылдагы Апрель окуясында мародёрлук фактылары боюнча соттолууда.

Айта кетсек, 30-июлда болжол менен саат 03:28де белгисиз бет капчан эки адам Чүй облустук сотунун экинчи кабаты аркылуу кирип, судья А.Жумагуловдун эшигин талкалап, иш бөлмөсүндөгү сейфтен 8 томдон турган жазык иштин 6 томун уурдап баратып өрт коюп кеткен. Анда Абдуллажан Юсупов, Азамат ШергазиевДастан Оморов жана А.Акжолов менен Р.Жоробаеванын кылмыш иштери боюнча жазык иштер жана Апрель окуясындагы мародёрлук боюнча да иштер уурдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Artyr1994
2015-08-06 14:23:29
Алдайт бул жон гана шайлоого даярдык коруп ж.т...
+3
adilbars
2015-08-06 14:27:27
Ошондо Текебаевдин версиясы туура чыкты Рысалиевдики эмес. Ата Мекенчилерден коруп жиберишти эле алар ак экен го! Алга Ата Мекен!Жалгыз чынчыл партия экен!
-2
nurperishka05
2015-08-06 14:32:57
абдулла юсупов 2 кыл мурун камалган тв дан да коргозгон эле
+1
nur-patriot
2015-08-06 15:39:00
nurperishka05, юсупов "заказчик" болотпайбы. ал СИЗОдо отурат. башка үч адам шектелип кармалды
0
kirgizstan
2015-08-06 14:38:00
Юсупов чондорду нелер гана кылбады интернетте журотко эч кимисинин колунан эчтеке келген жок
+1
salmanbet
2015-08-06 15:07:13
Бул Абдулла ХХХ экенго ияаа?кайран аферист,мен бул абдулланы рыспек акматпаев митинг уюштурганда кордум эле,ошондоле тан бергем тилинен чан чыгатко чиркин,ошондоле жон турбай Текебаевтин водительи Оскон деген адамды рыспеке кармап бергенда бул Абдулло!ошо жерден Осконду опузалап баштады эле,коммунистер партиясынын торайымы клара ажыбекова деген айым арачага тушуп уруштурбай калган!юсупов текебаев менен ойногонун койбоду бул дагы бирди коротго
0
admin_superstan
2015-08-06 15:17:08
salmanbet, этика нормаларын сактайбыз!
-1
nura.177
2015-08-07 00:25:36
Бул нерсенин чын жалганын айтыш кыйынгоо, мунун башында кыргызстандын эн менмин деген, бийликте качантан бери отурган,карт борулор бар. Бул мородерство ошолор кетип жаны таза бийлик келгенде эле ачылбаса, ачылбай калдыго бул жалганда
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан