Аламүдүн районундагы жол кырcыгынан пенсионер каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 5-август күнү саат 21:20 чамасында 56 жаштагы Н.М. аттуу айдоочу Мерседес-Бенц 500 үлгүсүндөгү унаасы менен эки жөө жүрүүчүнү сүзүп алган. Анын кесепетинен 71 жаштагы А.З. каза таап, 15 жаштагы небереси ооруканага жеткирилген. Учурда бул жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.