Кадамжай районунда аткезчилик жүк менен эки кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, алар 900 килограмм эт азыктарын Өзбекстандын аймагына алып өтүүгө аракет кылышкан. Аткезчилик жүктүн жалпы суммасы 200 миң сомдон ашкан. Учурда кармалгандар милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.