26-февралда саат 23:25 чамасында Бишкек-Чалдыбар унаа жолунун 44-чакырымында автокырсык болуп, бир адам каза болду. Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыкта Тойота жана Мерседес үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Окуядан Тойота унаасынын айдоочусу, 54 жаштагы С.А. аттуу жаран каза таап, экинчи унаадагы 4 жүргүнчү оор жаракаттар менен аймактык ооруканага жеткирилген. Белгилеп койчу жагдай, Мерседес унаасынын айдоочусу кырсыктан соң качып кеткен. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.