“Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү жайында казак жараны башка адамдын паспорту менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, чек арачылар тарабынан 1987-жылы туулган Э.Т. аттуу Казакстандын жараны кармалган. Ал кыргыз жаранына таандык паспорт менен Казакстанга өтүүгө аракет кылган. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган адам укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.