Жылнаама, 8-август: Мындан 40 жыл мурун Кытайда "Нина" тайфуну 230 миңдей адамдын өмүрүн алган

* Мындан 40 жыл мурун, 1975-жылы "Нина" тайфуну Кытайдын Жухе дарыясындагы бир нече дамбаны бузуп, көп аймакты топон суу каптаган. Ташкындан жана андан кийинки ачкачылыктан, эпидемиядан 230 миңге жакын адам көз жумган. Мындан сырткары 300 миңден ашуун мал кырылып, 6 миллионго жакын имарат кыйраган.
* Мындан 90 жыл мурун, 1925-жылы Канаданын Торонто шаарына дүйнөдөгү компьютердик башкаруудагы алгачкы жол чырактар орнотулган. 
* Мындан 7 жыл мурун, 2008-жылы Бээжиндеги XXIX Олимпиада оюндары башталган. Олимпиада оюндарына 204 өлкөдөн 11 099 спортчу катышып, спорттун 28 түрү боюнча 302 медалдын комплекти ойнотулган. Олимпиада оюндарынын жабылуу аземи 24-августта өткөрүлгөн.
* Мындан 99 жыл мурун, 1916-жылы Пишпек уездинин жетекчиси Ф.Г.Рымцевичтин рапортуна караганда, Атаке болуштугунда башталган кыймылга сарыбагыш болуштугунун жаштары кошулган. Анын айтымында, Кемин суусунун бир тарабына атакеликтер, экинчи жагына сарыбагыштыктар топтолушуп, ал эми көпүрөгө эки болуштуктун аксакалдары, молдолору чогулушкан. Эки жактын кадырлуу өкүлдөрү сөз сүйлөшүп, кырдаал туурасында маалымат беришкен. Атаке болуштугунан чыккан Белек Солтоноев "орустарды талап, аларды Ташкентке чейин кууш керек же жерибизде жексен болушубуз керек" деп жар салган.
8-августта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aman97kg
2015-08-08 09:31:18
кудай сактасын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан