Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 7-августта “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине) мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Бул мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү салыктар боюнча төлөмдөрдү жана патенттин негизинде төлөнүүчү салыктарды чогултуу укугун берет. Бул:

- салык төлөөчүлөр үчүн салык төлөөдө ыңгайлуу шарттарды түзөт;

- банк мекемелери жок алыскы жана барууга кыйын калктуу конуштардагы өз алдынча башкаруу органдарына өкмөт тарабынан аныкталган тартипте салык төлөөчүлөрдүн көрсөтүлгөн салыктарды төлөө эсебине накталай акча каражатын кабыл алуу укугун бекитет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан