Бүгүн, 7-августта өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Германиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Гудрун Мария Срэганы анын мамлекеттеги дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчы элчиге Кыргыз Республикасындагы жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, ишмердүүлүгүнүн учурунда мамлекеттеги демократиялык принциптерге негизделген башкаруунун жаңы системин түзүү сыяктуу маанилүү өзгөрүүлөргө күбө болгондугун айтып, ошону менен бирге кыргыз-герман кызматташтыгынын бекемделишине ар дайым түрткү берип келгендигин белгиледи.
Президент эки мамлекет ортосундагы мамилелердин кескин жакшырышында, эки тараптуу кызматташууну жаңы сапаттык деңгээлде өнүктүрүүдө, ар кыл тармактарда конкреттүү долбоорлорду биргелешип ишке ашырууда, ошондой эле жогорку деңгээлдеги кыргыз-герман байланыштарынын ыкчам активдешүүсүндө элчинин жеке ролун белгиледи.
Мамлекет башчы Германия кыргыз өлкөсүнүн Европалык кеңештеги анык стратегиялык өнөктөшү болуп калгандыгын баса белгилеп, мамлекеттин өнүгүүсү үчүн зор мааниге ээ милдеттерди ишке ашыруудагы маанилүү союздашы деди.