Казакстандагы жол кырсыгынан 4 кыргыз жараны каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта казакстандык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 7-август күнү саат 06:40 чамасында Жамбыл облусунун Моюнкум районунда болгон. Анда жүргүнчүлөрдү ташыган автобус менен кыргыз жараны башкарып бара жаткан Тойота Ипсум унаасы кагылышкан. Анын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу Даниярбек Эркебаев (Ош облусунун тургуну), Гүлүмкан Молдалиева (Сузак районунун тургуну), Исламбек Жаанбаев (Сузак районунун тургуну), Гүлбайра Атамирзаева (Ноокен районунун тургуну) каза тапкан.
Ал эми Канатбек Адилбек уулу (Ош облусунун тургуну), Акжол Батыркулов (Сузак районунун тургуну), Гүлзина Жусуп кызы (Ош облусунун тургуну) жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Автобустун ичиндегилерден эч ким жабыркаган эмес.