Кыргызстанда сасык тумоо менен ооруган адамдардын саны күнүнө 1400дөн 2500гө чейин жетип жатат
Эпидемиялык сезондо сасык тумоо менен ооруган адамдардын саны күнүнө 1400дөн 2500гө чейин жетип жатканын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Сасык тумоо менен кайрылгандардын 61%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Оорулуулардын санын былтыр ушул айда болгон көрсөткүч менен салыштырганда быйыл анча деле өзгөрүү болгон жок. Ошондой эле аталган оорунун алдын алуу үчүн Орусиядан 4000 эмдөөчү дары-дармек алынып келингенин Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумчалады.