Жылнаама, 9-август: Мындан 52 жыл мурун америкалык ырчы Уитни Хьюстон төрөлгөн

* Мындан 91 жыл мурун, 1924-жылы Луговое-Пишпек темир жол байланышы салтанат менен ачылган.
* Мындан 2 жыл мурун кыргыз өлкөсүнүн спортчусу Айбек Усупов өзүнүн салмак категориясында дүйнөдөгү мыкты күрөшчүлөрдүн рейтингинде 15-орунду ээлеген.
* Мындан 16 жыл мурун, президенттик администрациянын бөлүм башчысы Болот Жанузаковдун өткөргөн маалымат жыйынында Кыргыз Республикасынын Баткен өрөөнүндө пайда болгон белгисиз адамдар Тахир Юлдашев менен Жума Намангани жетектеген "Өзбекстан ислам кыймылынын" согушчандары экендиги кабарланган. Мындан тышкары ал "согушчандар эч кимге зыян келтирбегендиктен, бийлик маселени кан төгүүсүз чечүүгө болгон күчүн жумшайт" деп ишендирген.
* Мындан 52 жыл мурун, 1963-жылы америкалык ырчы, актриса, продюсер, фотомодель Уитни Элизабет Хьюстон АКШнын Нью-Жерси штатындагы Ист-Оранж шаарында төрөлгөн. Ал бала курагынан эле музыка менен чоңойгон. Апасы белгилүү ырчы Эмили Дринкард элге Сисси деген ат менен таанымал. Ал эми атасы Жон Хьюстон апасынын менеджери болгон. Болочок ырчы жаш курагынан эле апасы менен чиркөөдө хордо ырдап, өз талантын эл алдына алып чыга баштаган. 11 жашынан тарта фотомодель катары да иштеп, көптөгөн жарнамалык түрмөктөргө тартылган.
Уитни Хьюстон 2012-жылы 11-февралда Лос-Анжелестин “Беверли Хиллтон” мейманканасында 48 жаш курагында дүйнө салган. Уитнинин жуунуучу бөлмөдө жаткан чала жан денесин анын жан сакчылары көрүп, “Тез жардам” чакырышкан. Бирок баары кеч болуп калган.
* Мындан 13 жыл мурун, 2002-жылы түркмөн лидери Сапармурат Ниязов Аксакалдар кеңешинин делегаттары тарабынан чечилген өмүр бою президент наамын алуудан баш тарткан.
9-августта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан