* Мындан 99 жыл мурун, 1916-жылы
Үркүнгө байланыштуу Кара-Балта, Байкөчө, Талды-Булак, Бакин, Өтөгөн, Жаман-Сарт, Түлөберди болуштуктарында баш аламандык башталган. Пишпек уезддик жетекчисинин көрсөтмөсүнө караганда Белогорка кыштагынын аймактык приставы, көзөмөлчү жана катчылары козголоңчулар тарабынан өлтүрүлгөн.
* Мындан 30 жыл мурун, 1985-жылы поп музыканын падышасы атыккан
Майкл Жексон 47,5 миллион долларга "Битлз" тобунун ырларына болгон бардык укуктарды сатып алган.
* Мындан 387 жыл мурун, 1628-жылы Стокгольм шаарында биринчи жолу сууга түшүрүлгөн "Ваза" кемеси аңтарылып, чөгүп кеткен. 50дөй киши каза болгон.

* Мындан 81 жыл мурун, 1934-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Иш башкармалыгынын Ден соолукту чыңдоо жана дарылоо бирикмесинин башкы врачынын орун басары, медицина илиминин кандидаты, КРнын Эмгек сиңирген дарыгери
Асан Жайлообаев жарыкка келген.
* Мындан 12 жыл мурун, 2003-жылы орусиялык космонавт Юрий Маленченко менен орус улутундагы АКШнын жараны Екатерина Дмитриева үйлөнүү аземин космосто өткөрүшкөн. Бул адамзаттын тарыхындагы эң алгачкы космостогу үйлөнүү деп саналган.
* Мындан 55 жыл мурун, 1960-жылы Голливудда болуп көрбөгөндөй атакка ээ болгон алгачкы испаниялык актёр Антонио Бандерас туулган.