Кемин - Ак-Туз унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 28 жаштагы жаран каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 8-август күнү аталган унаа жолдун 10-чакырымында болгон. Анда 28 жаштагы А.А. аттуу айдоочу Фольксваген Жетта үлгүсүндөгү унаасын башкара албай бетон тосмону сүзүп алган. Анын кесепетинен 28 жаштагы К.К. аттуу жүргүнчү каза тапкан. Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.