Аламүдүн районунда соода күркөсүнөн акча уурдаган жаран кармалды

Аламүдүн районунда соода күркөсүнөн акча уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 59 жаштагы К.Р. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 8-август күнү саат 02:00 чамасында белгисиз адам соода күркөсүнө кирип, кассадагы 16 миң сомун уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 38 жаштагы Б.К. кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан