"Жер-Үй" алтын кенинин социалдык пакети 50 миллион доллар
“Жер-Үй” алтын кенинин социалдык пакети 50 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу 27-февралда Талас облусунда өткөн маалымат жыйында КРнын Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Ишимбай Чунуев билдирди. Анын айтымында, соцпакетке 100 милдеттендирме киргизилет жана ал аталган кенди иштетүүнү сынактан утуп чыккан инвесторго тапшырылат. Андан соң инвестор анын канчасын аткарарын айтат. “Алдын ала келишим 9-10 жылга түзүлөт, андан соң узартылат”,- деди Чунуев. Айтымында, соцпакеттин алкагында сугат тутуму, көпүрө, жол, бала бакчалар, мектеп, Маданият үйү жана ооруканалар оңдотулмакчы.