Өткөн аптанын соңунда, 8-август күнү кечинде Өзбекстандын Үргөнч шаарынын эс алуу багындагы концерт учурунда көпүрөнүн тосмосу кыйраган. Кырсыктын кесепетинен 15ке жакын адам каза тапса, 17ге чукул адам ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме берип чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Күбөлөрдүн айтымында, концерт учурунда көпүрөнүн тосмосу сынып, жүздөгөн адамдар сууга түшүп кетишкен. Алардын басымдуу бөлүгү жаш балдар жана аялдар болгон. Тосмо сынгандан 10-15 мүнөттөн кийин куткаруучулар жана дарыгерлер келишкен. Бирок сейил бактагы курулуштардан улам кырсык болгон жерге жетүү да убакытты алган. Натыйжада ондогон адамдар сууга чөгүп кетишкен. Дайынсыз жоголгондорду куткаруу иштери 9-август күнү да уланган.
Маалыматка караганда, көпүрөнүн тосмосу 2013-жылы сентябрь айында Өзбекстандын көз карандысыздыгынын 22 жылдыгына карата колдонууга берилген. Көпүрөнүн курулушуна тиешеси бар бир нече адам кармалганы айтылды. Ошондой эле кырсыкты иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү.