ЭЛДИК КАБАР: Чаткал районунда салынып жаткан көпүрө аягына чейин бүтпөй, токтоп калды

Чаткал районунда салынып жаткан көпүрө аягына чейин бүтпөй, токтоп калды. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта окурман SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу билдирди. 

Салынып жаткан көпүрө Жаңы-Базар жана Чандалаш айылдарын бириктирмек. Аны алтын казган кореялык ишкана куруп жаткан. Бирок кен казуу укугу башка компанияга сатылгандыктан, курулуш иштери токтоп калды. Чандалаш айылында балдар 4-класска чейин окушат. Мындан улам чоң класстын балдары Жаңы-Базар айылындагы мектепке барууга туура келет. Ал жакка баруу үчүн 12 чакырымды басып өтүш керек. Көпүрө салынып бүтүп калса, бул аралык кыйла кыскармак”,- дейт окурман. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
karona
2015-08-10 12:26:57
Окуучулар кунуго ушул копуродон отуп окууга барышабы? Коркунучтуу эмеспи? Андан коро мектеп арзан баада маршрут уюштуруп койсо болбойбу окуучуларды ташуу учун?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан