Токмок шаарында 10 жаштагы баланы сүзүп, качып кетүүгө аракет кылган айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 8-август күнү саат 18:40 чамасында болгон. Анда белгисиз айдоочу унаасы менен 10 жаштагы баланы сүзүп, качып кетүүгө аракет кылган. Учурда 34 жаштагы айдоочу кармалып, унаасы айып жайга токтотулду. Ал эми жабыркаган бала ооруканага жаткырылган.