Баткен районунун Көчө-Карын аймагында кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, бир кыргыз чек арачысы жаракат алды. Бул тууралуу
SUPER.KG'ге 10-августта
Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматынын жетекчиси
Гүлмира Бөрүбаева билдирди.
Анын айтымында, окуя 8-август күнү болгон.
"Райондун Көчө-Карын аймагында саат 19:00 чамасында 15ке чукул тажик жараны кыргыз өлкөсүнүн чек арасынан мыйзамсыз өтүп суу буруп жатканда бир тажик жараны кармалып, калганы качып кеткен. Качып кеткендер Тажикстандын аймагына өтүп алып, кыргыз чек арачыларына карата ок чыгарышкан. Натыйжада бир чек арачынын сол бутуна ок тийген. Ага ошол жерден медициналык жардам көрсөтүлгөн, учурда абалы жакшы",- деди Бөрүбаева.