Жети-Өгүз районундагы жол кырсыгынан 2 адам каза таап, 3 адам жабыркады

Жети-Өгүз районундагы жол кырсыгынан 2 адам каза таап, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 9-август күнү Каракол-Бишкек унаа жолунун 28-чакырымында болгон. Анда Хонда Одиссей унаасы менен Фольксваген Гольф 2 унаасы кагылышкан. Анын кесепетинен экинчи унаанын ичиндеги Нурбек Оторбаев жана Райкан Субакунов каза таап, айдоочу, бир жүргүнчү жана биринчи унаанын айдоочусу жабыркап, аймактык ооруканага жеткирилген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_superstan
2015-08-13 10:31:59
Aikyn93, саламатсызбы!
Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирген. Сын-пикирлер болсо, тиешелүү дарекке жазыңыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан