Тажикстан тарап кыргыз чек арачысына ок аткан адамдарды издеп жатат

Тажикстан тарап кыргыз чек арачысына ок аткан адамдарды издеп жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунда айтылганын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

"8-август күнү Баткен районунун Көчө-Карын жергесиндеги окуядан кийин Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөрүлгөн. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлү күнөөлүү адамдарды жоопко тартууну жана чек арада мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылды. Тажик тарап кыргыз чек арачысына ок чыгарган адамдарды издөө боюнча иш-чараларды жүргүзүп жаткандары тууралуу маалымдады",- деп айтылат маалыматта. 

Айта кетсек, 8-август күнү Баткен районунун Көчө-Карын жергесинде кыргыз-тажик чек арасын 15 чакты тажик жараны мыйзамсыз басып өткөн. Алардын бирөөсү кармалып, калганы качып кеткен. Качып кеткендер Тажикстандын аймагына өтүп алып, кыргыз чек арачыларына карата ок чыгарышкан. Натыйжада бир чек арачынын сол бутуна ок тийген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bekchoro
2015-08-10 21:05:31
ХХХ ХХХ ХХХ келипатат.
0
admin_superstan
2015-08-11 11:32:13
Bekchoro, провокацияга жол жок! 5 күн БАН!
0
narbek
2015-08-10 21:14:38
Ошол кармалган биросун сурасын айтатта. Камасын органдын адамдары жакшы билетко кантип айтырышты .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан