Боом капчыгайындагы граффитини өчүрүүнү көздөгөн жаштар сүрөттүн айрым жерлерин боёп салышты

Боом капчыгайында тартылган граффитиден жаш активисттер жылаңач аялды көрүп, балбал таштарды маймылга окшоштурушканын буга чейин жазып чыкканбыз. Бул көрүнүшкө ошол эле жаштар "кыргыз элинин маданий баалуулуктарын шылдыңдагандык" деп баа берип, граффитини өчүрүүгө каражат чогултуп башташкан эле. 
Кечээ, 9-августта интернеттеги социалдык тармактарга сүрөттүн айрым жерлери боёлгону тартылган сүрөттөр тарады. Коомдук талкуу жараткан сүрөттү тарткан топ "элге позитив тартуулоону көздөгөнбүз" деп чыкты. 
Граффитинин авторлору: "Түшүнгүсү келбегендер ушинтип боёп салышат экен. Качандыр бир убакта мындай көз караш өзгөрөт деп ишенгибиз келет. Канткен күндө да биз ишибизди уланта беребиз.
P.S. Жакшыраак боёшсо да бир жөн",
- деп билдирүү жазышкан. 

Эске салсак, июнь айынын соңунда өткөн Көчө маданияты фестивалынын алкагында Боом капчыгайында "- Эээ... Кандай?" деген граффити тартылган. Учурда граффитини айрымдары шылдыңдоо катары кабыл алса, айрымдары, тескерисинче, заманбап, оригиналдуу көрүнүш катары баалашууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
bosmos777
2015-08-10 14:43:38
Очуруу керек!
+1
aikow92
2015-08-10 14:48:31
Артык кылам деп тыртык кылган немелер гоо немелер. Тусу сууп калыптыр. Колунардан ошол эле келеби ээ жаштар.
-1
aikow92
2015-08-10 14:50:32
Тоо мурун кандай болсо ошондой кылып коюшпайбы же тузугуроок сурот тартып коюшпайбы. Уят эле. Тусуну карагыла эми. Жакшы корунуп турабы.
+1
edu.kg.
2015-08-10 15:06:00
БИРБОЛ партиясынын тапкан жумушу окшойт жарларга сурот салган.
0
sen_emes
2015-08-10 15:13:05
жанына -ЭЭЭЭ Жакшы деп жазып чыккыла эми
0
Nurluujan16
2015-08-10 15:26:23
Эми "Ээ кандай" деген сөздүн эмнеси жаман экен?
+2
kama_future_millioner
2015-08-10 15:33:55
Неге өчүрүп атат жакшына эле жарашып турат эми аны кайра бойоп жаман көрсөтүп койдуңар
+2
Birbaw97
2015-08-10 15:38:26
Бири бирибизди коралбай бутан тартпай эле коюшса болмок андан коро жанына озулору каалаган татыктуу сурот тартып коюшса болмок эгер колдорунан кэлишсе
0
aikow92
2015-08-10 15:49:03
Ай дагы эле ичим куйуп атат. Активист болбой кое кал. Тошогуно карап бутунду тузо дейт беле. Сурот тартканга чаман жетпейби? Жакшы иш кылганга духун жетпейби? Эээ граффитини толук очургонго акчан жетпейби уйдо отуууур уйдо. Колунан бир нерсе келбей бажылдаган активисттерге байып кеттик
+4
bolotbai
2015-08-10 16:00:02
Кыларга иши жок кайран Кыргызым.Оздору бир иш жасабайт,анан да жасаган ишти булундурууго кыйын.Мындай болсок эки жарым кылымда да онукбойбуз.
+2
Jigitronic
2015-08-10 16:04:55
Ээ кандай десе эмне болуптур?Өчүргөн неме биротоло өчүрөт мурунку калыбына келтирип.Эми жакшы көрүнүп калыптырбы?
+1
suidum.96
2015-08-10 16:11:23
Ушундай тушунбогон жаштардын эмнеси жаш дейм да эми кебетесин карагыла
0
jabdish
2015-08-10 16:12:48
-Ал бетте бул суротту тез арада очурулушун каалайм жана жаш активисттердин иш аракетин колдойм. Анкени ашыбызды ичип кадырыбызга чычып тартылбаган ушул эле сурот калды эле.Жакшы эле абай салып байкасаныздар ата-бабалардан калган балбалдарды ыйлатып устуно маймылды олтурузуп койгон. Залкар манасчыбыздун кебетеси тигил "Ээ Кандай:)))" деп... Ал эми суроттун ичинде мамлекеттин туусун, жыланач аялдын солокотун ошол эле учурда "эротика" деген жазууну корууго болот. Бул кыргыздарды басмырлоо...
0
Aipri
2015-08-10 16:35:50
Уят ай. Туристтер бул жаш балача ойногон суротчунун боекторун коруп, шылдындабаса эле болду. Тез арада окмот ээн баш активисттердин ишин аягына чыгарсын.
+1
bakyt_2015
2015-08-10 18:35:24
Бу бизде окмот козомол дегенди такыр эле токтотконбу. Ким каалаганын эле кыла баштаптыр. Бири заманбап деп соодурогон бир нерсе тартса эч кимден сурап улуксаат албай эле. Бири жакпаса жон очурбой ашмалтайын чыгара бойоп атса(мурда кокуй эле эми алат болду кылып).Окмот экоонун тен колун чакканга жарабайбы кандай ээн башсын деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан