Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Документ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин жарандардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү ченемдерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келтирүү.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.