“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө” мыйзамга кол коюлду

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын камсыздандыруу төгүмдөрү, айыптык санкциялар жана туумдар боюнча карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 30-июнунда кабыл алынган. Мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык-экономикалык абалын жакшыртууга, турукташтырууга жана колдоого, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүүгө багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан