"Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын административдик-аймактык чек араларын белгилөө жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын жана Ош облусундагы Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын административдик-аймактык чек араларын белгилөө жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 10-августта президенттик аппараттан билдиришти. 

Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 29-июнунда кабыл алынган бул документтин максаты - Казакстан Республикасынын гранттык каражаттарына Ош шаарынын аймагында мектеп куруунун укуктук негиздерин түзүү.

Кабыл алынган мыйзамдын жоболору менен:

- Ош облусундагы Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын аталган мектепти курулушуна бөлүнгөн 2,3 гектар жери Ош шаарына өткөрүлүп берилет;

- Ош шаарынын жана Ош облусундагы Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын чек араларынын баяндалышы бекитилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан