Бишкекте каратэнин кёкусинкай түрү боюнча Өлкө чемпиондугу болуп өттү

Бишкекте каратэнин кёкусинкай түрү боюнча Өлкө чемпиондугу болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Аталган мелдеш 24-февраль күнү №9923-Бизнес-лицейдин спортзалында орун алды. Чемпиондукка Кыргызстандын аймактарынан жана Бишкек шаарынан 7 жаштан жогорку 100 спортчу катышкан. Жыйынтыгы менен Нурдөөлөт Уран уулу, Бакыт Талгат уулу, Артур Тен, Валентина Благодарова, Урмат Ибраев жана Эсенгул Сатарбеков жеңүүчү аталышты. Жалпысынан бул каратэ мелдешине 22 сыйлык коюлган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан