Бишкекте эгиз балдардын эненин ичинде чарчап калышына дарыгерлер күнөөлөнүүдө

Бишкек шаарынын №4-төрөт үйүндө эгиз балдар эненин ичинде чарчап калышты. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта SUPER.KG порталына эненин туугандары билдиришти. Алар эгиз балдардын чарчап калышына дарыгерлерди күнөөлөшүүдө. 

"Аял жана анын күйөөсү тамеки да чегишпейт, арак да ичишпейт. Алардын 6 жаштагы баласы бар. Ал жакшы эле төрөлгөн, ден соолугу да жакшы. Бул экинчи төрөтү болчу. 3 ай болгондо эгиз экени аныкталган. Төрөт үйүнө алып келгенден бери дарыгерлердин мамилеси абдан начар болду. Алар такыр карабай коюшту. Министрликке кайрылгандан кийин гана чуркай башташты",- дешти туугандары.

Төрөт үйүнүн башкы дарыгери Бурул Алмазбекованын айтымында, балдардын чарчап калышынын себеби төрөттөн кийин жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында толук анык болот. "Ага чейин себебин айтуу кыйын. Биз билбеген да себеби болушу мүмкүн. Энени нөөмөттөгү дарыгерлер, бөлүм башчысы карап жатышкан. Керектүү текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Тиешелүү аныктамалар боюнча, балдар эненин ичинде өспөй калышкан", - деди башкы дарыгер.

"Дарыгерлердин кайдигерлигинен неберелерим өлүү төрөлдү" дейт эгиздердин таенеси
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
DikysAkys0519
2015-08-10 20:12:30
Абдан окунучтуу.
0
anar-87
2015-08-10 23:15:18
акушеркалар, врачтар адамдардын денсоолугун ошол боюнда бар аялдын, же бейтап адамдын ошол учурда кобуроок конул бургула .конулун которуп ,жакшы соз менен кабыл алып маанайын бир азга которсо жакшы болот. Мисалга жаны тунгуч келсе ала кыйналып толготуп жатат ал адамга конул буруу аз болот чай ичип олтуруп алышат акушеркалар акча берсен карайт Жок болсо карабайт.
+2
aidka-1310
2015-08-11 01:33:22
Мен биринчи баламы тороп жатып акушеркалар бол эми ыйын тез биздин курсак ачты обед кылышыбыз керек дегенде эле тан калгам , ошентип балам кундузгу саат 1 отуп торогом
0
saru
2015-08-11 06:09:45
Азыр мода болду го,созсуз куноону бироого оодара салмай.Бул нерсени ажал дейт
-2
amina12345z
2015-08-11 08:18:51
Врачтарды куноологон болбойт Алладан бардык нерсе. Алла кааласа берет кааласа алып коет сабыр кылгыла мен деле ичимде 9 ай болуп чарчап калган арга жок врачтарды куноологон болбойт может озу башка туура эмес нерсе кылгандыр боюнда барда
0
aiturgasha
2015-08-11 14:22:39
сактансан сактайм -деген экен Кудай. врачтар деле жакшы карап ,сактаганга аракет кылса может тируу калаар беле. жоопкерчиликсиз болбой.
+1
Nur.88
2015-08-12 09:39:56
Биз жакта бир келин 9ай которуп журуп, торойм деп доктурга барып врачтар жакшы конул бурбай баласы чарчап калды . Биринчиси болчу экен да кыйналып атам карап коюн десе,ошентип кыйналып торойсун азыр эрте дешип оз иштери менен журо беришиптир эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан