Жылнаама, 11-август: Мындан 29 жыл мурун ырчы Мирбек Атабеков туулган

* Мындан 29 жыл мурун, 1986-жылы “Супер-Инфонун” тандоосу боюнча 3 жолку “Жылдын мыкты ырчы мырзасы”, "Заманыбыздын супер ырчысы" наамдарынын ээси Мирбек Атабеков Талас облусуна караштуу Жон-Арык айылында төрөлгөн. 2006-жылы Канат Култаев менен иштешип, экинчи хит ыры "Сени гана" менен көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. 2007-жылы "Не моя" аттуу ыры өлкөнүн бардык радиолорунда жаңырып, көптөгөн кыргыз жаштарын өз өлкөсүнүн эстрадасына кызыктыра алган. Ошол эле жылы Мирбектин биринчи жеке концерти 3 күнгө уланган.
* Мындан 51 жыл мурун, 1964-жылы КРнын башкы ортопед-травматологу, медицина илимдеринин доктору, профессор, Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун директору, КРнын Эмгек сиңирген дарыгери Сабырбек Жумабеков Таластын Сатыкей айылында төрөлгөн. 1996-жылы Калифорнияда тажрыйба топтоп келген. 1996-1999-жылдары Борбор Азия жана Казакстанга омуртка ооруларын микрохирургиялык жол менен дарылоо ыкмасын киргизген. 2010-жылдын 20-декабрынан 2011-жылдын 11-декабрына чейин КРнын Саламаттык сактоо министри болгон.
* Мындан 19 жыл мурун, 1996-жылы жаш бийчи Жан Воинов туулган. Ал 16 жашында АКШнын Лос-Анжелес шаарында өткөн сынакта бийдин поппинг багыты боюнча 1-орунду, Нью-Йорктон локинг багытында 2-орунду жеңип алган. Ошондой эле "Жаңы бий сеансы-2011", "Көчө ыргактарынын өнөрпозу-2011" (Казакстан) сынактарынын жеңүүчүсү. Азыркы учурда кыргыз жергесинде тартылып жаткан "You can dance" тасмасында башкы ролду жаратууда.
* Мындан 73 жыл мурун, 1942-жылы немис оккупанттары Ростов-на-Дону шаарынын 27 миң калкын өлтүрүшкөн. Алардын көбү еврейлер болгон. Экинчи дүйнөлүк согушта немис аскерлери Ростов-на-Дону шаарын эки жолу басышкан. Биринчисинде көпкө узабай, еврейлерди жок кылууга жетишпей калышкан. Ал эми экинчи жолу 1942-жылы 24-июлда басып алышкан. 14 жаштан өткөн еврейлерди каттоодон өткөрүшүп, аларга атайын ажыратып билүү үчүн белгилерди коюшкан. 1942-жылы 5-6-августтарда советтик согуш туткундары чоң чуңкурларды казышкан соң атылып, ошол жерге көмүлүшкөн. 11-август күнү саат 8:00гө еврей жашоочуларды чогултуп, 200-300дөн чуңкурга ташып, чоңдорун атып, кичинекей балдардын оозуна уу сүйкөп өлтүрүшкөн. 1975-жылы 9-майда атуу болгон жерде нацизмге каршы мемориал коюлган.
* Мындан 19 жыл мурун, 1996-жылы дүйнөгө атагы чыккан болгариялык көзү ачык Ванга (Вангелия Пандева-Гущерова) көз жумган. Ал 12 жашка толо элегинде чоң кырсыкка кабылат: катуу шамал болуп, куюндун чок ортосунда калган Ванганын көзүнө топурак кирип көзүнөн жаракат алат. Үй-бүлөсү аябай жакыр тургандыктан, аны дарыгерге көрсөтүү шарты да болгон эмес. Натыйжада Ванга азиз болуп калат. Ал элдерди көрүп, сакайып кетишине жардам бергени менен, өзүн өзү такыр дарылаган эмес. 
Акыркы күнүндө ал жээнинен бир чыны суу, бир үзүм нан сурап жеген. Андан соң аны жуунтуп коюусун талап кылып, "мына эми даяр болдум" деген экен. Эртең мененки саат 9дарда ата-бабасынын арбактары келгенин айтып, 1996-жылы 10-августта дүйнө менен кош айтышкан.
11-августта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан