Орусиянын Москва шаарында кыргыздар жашаган имарат күйүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта окурман SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу билдирди.
“Ал жерде короо тазалап иштеген кыргыз жарандары жашашчу. Өрттүн кесепетинен 6-7 адам жабыркады. Аларды "Тез жардам" кызматкерлери алып кетишти. 18 өрт өчүрүүчү унаа жетишпей жатат”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.