Бишкектеги жол кырсыгынан 1 адам каза таап, 5 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 9-август күнү саат 02:00 чамасында Дэн-Сяопин көчөсүндө болгон. Анда Субару Форестер унаасы Ауди С4 унаасын сүзүп, дагы бир унаага урунган. Жол кырсыгынын кесепетинен биринчи унаанын айдоочусу каза таап, 5 жүргүнчү ооруканага жеткирилген. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.