Кыргыз жеринде күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргыз жеринде күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөө кечээ, 10-август күнү саат 18:31 чамасында болгон. Анын очогу Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылынан 15 чакырым түштүк-батышта, Казарман айылынан 40 чакырым түштүк-чыгышта, Салам-Алик айылынан 45 чакырым түндүк-чыгышта жайгашып, күчү 4,5 баллга жеткен. Ал эми Кош-Дөбө айылында 4 балл, Казарман, Салам-Алик айылдарында 3 балл болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
marmiladka9
2015-08-11 08:54:49
Кудай сакта
0
Adilet2014
2015-08-11 10:05:35
Ээ жараткан жерден чыкчу, асмандан тушчу кырсыктардан сактай кор!!!
+1
tynara81
2015-08-11 11:44:18
Жанагы айтып жатышкан 7-9 баллы ушуну менен эле кеткен болсо жакшы эле. Жараткан кырсыктардан сактасын!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан