"Датка-Кемин" электр линиясы 31-августка чейин ишке берилет

"Датка-Кемин" электр линиясын ишке берүүгө даярдык боюнча 10-августта Өкмөт үйүндө өткөн жыйында энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев аталган электр линиясындагы иштер 20-августка чейин толугу менен бүткөрүлүп, атайын комиссия өткөрүп аларын айтты. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан кабарлашты. Ошондой эле Турдубаев аталган жогорку чыңалуудагы линияны өткөрүп алууда бардык талаптарды сактоого жана сапатына өзгөчө көңүл буруларын билдирди.

Ал эми премьер-министр Темир Сариев "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясын ушул жылдын 31-августуна чейин толугу менен бүткөрүп, ишке берүү керектигин белгиледи. “Бул долбоордун мамлекет үчүн мааниси чоң, себеби "Датка-Кеминдин" бүтүшү менен өлкө энергетикалык эгемендикке ээ болот. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнүнүн алдында толук кандуу ишке берүү абдан маанилүү”,- деди Темир Сариев.

Жыйындын жүрүшүндө электр энергетика тармагындагы техникалык жоготуулар тууралуу маселе да талкууланды. Премьер-министр "Датка-Кемин" сыяктуу жогорку чыңалуудагы линиянын ишке кириши менен тармактагы техникалык жоготууларды азайтуу зарыл экенин белгилеп, бул жаатта коррупциялык иш-аракеттерге каршы күрөштү күчөтүүнүн маанисин белгиледи. Буга чейин ар бир бөлүштүрүүчү компанияга техникалык жоготууларды төмөндөтүү боюнча жекече план иштеп чыгуу тапшырылганын эске салган Темир Сариев жакынкы аралыкта бул иштин жыйынтыгы боюнча чечимдер кабыл алынарын эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан