Юстиция министрлигинин делегациясы жеке мүлктү каттоо тармагында Австралиянын тажрыйбасын көрдү

Жылдыз Мамбеталиева баштаган Юстиция министрлигинин делегациясы Австралиянын Аделаида шаарында иш сапары менен болду. Министрликтен билдиришкендей, иш сапардын максаты - жеке мүлктү каттоону камсыздоо жаатында Австралиянын тажрыйбасын үйрөнүү. Делегация тийиштүү өкүлдөр менен жолугушууларды өткөрүп, катышуучулар аталган маселе боюнча талкуу жүргүзүштү. "Сапар Юстиция министрлигине караштуу "Күрөөнү каттоо боюнча борбордук кеңсени модернизациялоо" долбоору менен тыгыз байланыштуу. Долбоор мыйзам базасын өркүндөтүү менен күрөөлүк камсыздандыруу системин реформалоого багытталган",- деп билдирет мекеме.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан