Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрайымы Наталья Никитенко Европадагы демократия боюнча адам укуктарынын коопсуздугун уюштуруу бюросунун атайын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда алдыдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо тууралуу пикир алышуу болуп, шайлоо мыйзамдарын реформалоо, биометрикалык шайлоо өткөрүү маселеси кеңири талкууланды. Никитенко артта калган 5 жыл аралыгында парламентаризмдин өнүгүү жолунда бир катар мактоого аларлык иштер жасалгандыгын, ачык-айкындуулук жаралгандыгын белгиледи. Ошондой эле шайлоонун ачык жүрүшү Кыргыз Республикасында демократиянын өнүгүшүн шарттайт деп билдирди.
ЕККУнун өкүлдөрүн калкты биометрикалык каттоодон өткөрүү иштери, референдум жана шайлоо өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын аткарчу функциясы кызыктырды. Парламенттик шайлоого аттана турган партиялардын квота берүү маселеси да талкууланып, аялдарга, жаштарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, ошондой эле улуттук азчылыкты камтыган мыйзамдуулук жана саясий партияларды каржылоо боюнча пикирлер айтылганын ЖКдан билдиришти.