Саламаттыкты сактоо министри: "Зомбулукка байланыштуу иштер сотко жетпей, күнөөлүүлөр жаза албай калышууда"

Саламаттыкты сактоо министри Т.Батыралиев бүгүн, 11-августта КРнын Акыйкатчысынын милдетин аткаруучу Гүлнара Жамгырчиева менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тараптар жолугушууда биргелешип кызматташууну сүйлөшүштү. Ошондой эле балдардын зомбулукка кабылуусуна байланыштуу маселени талкууга алышты.

"Саламаттыкты сактоо системинде жакшы жакка өзгөрүүнү көрүүгө болот. Биздин суроолорубузга ыкчам жооп бересиздер, бирок мекеме алдындагы түзүмдөрдө көйгөйлөр бар",- деди Г.Жамгырчиева.

Өз кезегинде министр: "Биз бир ишти аткарып жаткандыктан, биргелешип иштешкенибиз туура. Ар бир маселе боюнча атайын комиссия түзүлөт. Эреже бузуулар боюнча фактылар далилденсе, биз ишти укук коргоо органдарына өткөрүп беребиз. Тилекке каршы, көпчүлүк иштер сотко жетпей, күнөөлүү адамдар жазасын албай калышууда. Зомбулукка кабылгандар алгач ооруканага кайрылышат. Өз убагында кордукту каттоо жана тийиштүү органдарга өткөрүү - биздин милдет",- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sagyn91
2015-08-11 13:01:00
Анан сиздердин милдетиниздер болсо иштин аягына чыгыныздар да, далил жок болсо ишти кайра жаап саласынар же ............ токтотуп коёсунар кандайдыр бир себептер менен башка адамга оодара саласынар. Акыйкаттык болуш керек баарына бирдей иштеш керек мыйзам.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан