"Кемин" жүк ташуучу унаалардын салмагын көзөмөлдөп өткөрүү бекетинде 8-август күнү кармалган 5 жүк ташуучу унаа айып жайга токтотулду. Бул тууралуу 11-августта
Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка караганда, токтотулган Хово үлгүсүндөгү беш унаада (мамлекеттик номерлери Хово –
B4900AT, Хово – S7014AG, Хово –
S3295AL, Хово – B2432AN, Хово – В4254AT) көмүр ташылып бара жаткан.