"Танк биатлону": Жарым финалда кыргыз өлкөсү Кытай, Орусия жана Тажикстан менен жарышка түшөт

13-август күнү Москванын алдындагы Алабино талаасында "Танк биатлонунун" жарым финалы өтөт. Кечээ, 10-августта эл аралык чемпиондуктун экинчи эстафеталык этабына чүчү кулак кармоо болуп өттү. Натыйжада жарым финалда кыргыз өлкөсү Кытай, Орусия жана Тажикстан менен жарышка түшмөй болду. Бул тууралуу 11-августта Кыргыз Республикасынын Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Жеке жарышта кыргыз жеринен барган команда мелдештин алдынкы сегиз командасынын катарына кирген. Алар: Орусия, Казакстан, Армения, Сербия, Кытай, Индия жана Тажикстан.

Чүчү кулак кармоодо кыргыз курамасынын капитаны Аскар Касымбеков «2» деген номерлүү сары гильзаны тартып алды. Кыргыз жеринен барган танкисттер экинчи жарышка сары танк менен кире турган болушту.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kirgizstan
2015-08-11 16:05:25
Жок дегенде тажикстандан алдыда бол кыргызстан.... Алга кыргызстан!!!!
+7
bishkek.kg
2015-08-11 23:04:36
Дагы очуп калбаса болду ,суунун ортосунда...
0
expert.007
2015-08-11 16:14:15
Ура
0
EdikoKG
2015-08-11 16:16:59
Ийгилик!
+1
Kanat8427
2015-08-11 16:17:36
Жок дегенде оруссиядан кийинки эле орунду ээле десен ). Алга...
+7
Maripa
2015-08-11 16:19:35
"Танк биатлону" менен Орусия душмандарына сес берип жаткандай? Мунун максаты эмне экени белгилүү да. Кансе да баягы союздун куралганына кубанычтамын.
+1
aslan_akjol89
2015-08-12 01:07:44
Сергей Шойгуга ыраазычылык!Биздин танкисттерге чоон ийгилик!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан