Аксы районунун Кара-Суу айылындагы 11-класстын окуучусу облустук олимпиадада 1-орунду ээледи
26-27-февралда Жалал-Абад шаарында болуп өткөн окуучулар арасындагы облустук олимпиадага Аксы районундагы Кара-Суу айылдык округунан эки окуучу катышты. Алар: А.Жаныбеков атындагы №46-орто мектептин 10-классынын окуучусу Изираил уулу Баяман жана Б.Миңбаев атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу Асанов Бектур. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Бакберген Урусалиев билдирди. Анын айтымында, аталган окуучулар география предмети боюнча катышкан. Жыйынтыгында Изираил уулу Баяман 2-орунду ээлесе, Асанов Бектур 1-орунду алып, Республикалык олимпиадага катышууга жолдомо алды. Баямандын мугалими Верузат Юсупованын айтымында, окуучусу олимпиаданын 1-турунда 1-орунду ээлесе, 2-турда 2-орунду ээлеп, жалпы жыйынтыкта да 2-орун болуп калган.