Шамиль Атаханов вице-премьер-министрликке сунушталды

27-февралда ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында өкмөттүн жаңы түзүмү боюнча маселе каралды.Тактап айтканда, Ички иштер министрлик кызматка дайындоого жактыруу үчүн Абдулда Суранчиевдин талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө премьер-министрдин сунуштамасы талкууланды. Жыйынтыгында аталган кызматка Суранчиевдин талапкерлигин жактыруу жана ЖКнын кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды. Ошондой эле КРнын Вице-премьер-министрлик кызматына дайындоого жактыруу үчүн Шамиль Атахановдун талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө премьер-министрдин сунуштамасын жактыруу менен ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинин кароосуна жөнөтүү чечими кабыл алынды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан