Ошто адам уурдоого шектелгендердин экөөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 10-август күнү Абдыкадыров көчөсүндө катуу ылдамдыкта келе жаткан унааны токтотуу үчүн жол-кайгуул кызматкерлери белги беришкен. Бирок айдоочу МАИ кызматкерлерине баш ийбей, катуу ылдамдыкта жолун улаган. Унаанын артынан түшкөн милиция кызматкерлери Гагарин жана Монуев көчөлөрүнүн кесилишинен кууп жетишкен. Ошол учурда айдоочу жана ичиндеги 4 адам унааны таштап качып жөнөгөн. Укук коргоо кызматкерлери алардын экөөсүн кармап калышкан. Унаанын багажнигинде денесинен жаракат алган унаа ээси болгон. Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, калгандары изделүүдө.