Жылнаама, 12-август: Мындан 32 жыл мурун "Даңазалуу кылым" сериалындагы Хүрремдин ролу менен атактуу болгон Мерьем Узерли туулган

* Мындан 32 жыл мурун, 1983-жылы Мерьем Узерли Германиянын Кассель шаарында төрөлгөн. Атасы Хусейн Узерли түрк улутунан болсо, энеси Урсула Узерли немис кызы болгон. Мерьем искусство адамы болууга эч качан умтулган эмес. Бирок ал орто мектепти аяктап, Гамбургдагы актёрлук окуу жайга тапшырууну чечет. Үч жыл билим алгандан кийин өз өнөрүн сынап көрмөккө театрга ишке орношкон. Ал жактагы иши өзү ойлогондой чыкпай, дайыма экинчи пландагы ролдорду гана аткарып, актрисанын бир нече убакыт депрессия абалында жүргөнү айтылат. "Даңазалуу кылым" сериалында Сулейман султандын сүйүктүү жары, кумарлуу Хүрремдин ролу Мерьем Узерлиге атактуулук алып келген.

* Мындан 37 жыл мурун, 1978-жылы кайгылуу ырлары менен таанылган кыргыз эстрада ырчысы Роза Шакирова Баткен облусуна караштуу Айдаркен шаарчасында туулган. 1995-жылы 17 жашында музыкалык орто окуу жайдын кларнетте ойноо бөлүмүнө тапшырган. Кийин Улуттук консерваториянын опера бөлүмүнө тапшырып, 5-курсунан тартып “Туңгуч” театры менен чогуу гастролдорго чыга баштаган. Ырчы көпчүлүккө "Карабачы", "Үйлөнүү той", "Алдым ыйлап" ж.б. ырлары менен белгилүү болгон.
* Мындан 85 жыл мурун, 1930-жылы теги венгриялык болгон америкалык финансист жана коомдук ишмер Жорж Сорос туулган.
* Мындан 30 жыл мурун, 1985-жылы Япониянын Такамагахара тоосуна жакын жерде Боинг 747SR учагы кыйроого учурап, 520 киши көз жумуп, 4 адам аман калган.
* Мындан 15 жыл мурун, 2000-жылы Орусиянын Баренцево деңизинде “Курск” атомдук суу астындагы кемеси кырсыкка кабылып, байланышка чыкпай калган. 14-августтан тарта куткаруу операциясы башталып, 22-августта суу астындагы кеменин экипажы толугу менен набыт болгону кабарланган. Ошол жылы 7-ноябрда каза болгондорду суу астынан алып чыгуу бүткөнү айтылып, жалпысынан 2001-жылы күзүндө 118 адамдын 115инин денеси чыгарылган. Кырсык боюнча иликтеген комиссия "кеме торпеданын жарылышынан келип чыкты" деген тыянак чыгарган. Расмий эмес маалыматтарга караганда, суу астындагы кеме чет элдик кеме менен кагылышып кеткен. Ошондой эле АКШнын суу астында калгандарды куткарбоо үчүн пара бергени айтылып келет.
12-августта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан