Чүй облусунун Беловодск айылында 6 адам шаурмага ууланды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана оорулардын алдын алуу департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 9-август күнү жабырлануучулар аталган айылдагы “Смактайм” аталышындагы соода күркөсүнөн шаурма жешкен. 10-август күнү жүрөктөрү айланып кусуп, ооруканага кайрылышкан. Учурда күркө ээси Н.Кимге айып пул салынды. Ал эми жабырлануучулардын абалы канааттандырарлык. Ошондой эле 2 даана шаурма текшерүүгө жөнөтүлдү.