Бишкекте бир катар каракчылык фактыларына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 10-июль күнү Улуттук госпиталга 51 жаштагы Е.Владимир оор абалда жеткирилген. Тилекке каршы, ал 20-июль күнү алган жаракатынан улам каза тапкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 35 жаштагы У.Абдыжапаров кармалган. Анын айтымында, ошол күнү жолдо баратып Е.Владимир менен жөөлөшө кетип, аны сабап салган.
Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү У.Абдыжапаровдун бир катар каракчылык фактысына катыштыгы бар экени аныкталды.