Жогорку Кеңештин эки депутаты Мамлекеттик кызмат боюнча кеңешке мүчө болду

ЖКнын 27-февралда өткөн жыйынында парламенттик азчылык коалициясынан «Ата Журт» фракциясынын депутаты Курманбек Осмоновду жана парламенттик көпчүлүк коалициясынан КСДП фракциясынын депутаты Эркин Сакебаевди Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөлүгүнө дайындоо тууралуу токтом кабыл алынды. Белгилей кетсек, Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамы 7 адамдан турат. Алар: Жогорку Кеңештин 2 депутаты, Өкмөттүк аппараттын 2 өкүлү, Президенттик аппараттын 1 өкүлү, Жогорку Соттун 1 өкүлү, ал эми Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы аталган кеңештин төрагасы болуп саналат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан